Компания жөнүндө
Биздин иш менеджерлердин, операторлордун жана иштеп чыгуучулардын ынтымактуу командалык эмгегине негизделген. Алар кардарларыбыз сайтта жагымдуу жана натыйжалуу убакыт өткөрүшү үчүн колдон келгендин баарын жасашат.
Бул үчүн биз күн сайын төмөнкү багыттар боюнча иштейбиз:
-
Актуалдуу авиабагыттар боюнча маалыматтарды чогултуп, талдайбыз;
-
Алдыңкы агенттиктер жана авиаташуучулар менен түз байланыш түзөбүз;
-
Aviabileti.kg кызматынын иштешин көзөмөлдөйбүз;
-
Манас аэропортундагы күнү-түнү иштеген авиакассанын ишине көз салып, байланыш борборунун ишин шайкештирип турабыз;
-
Бонустук арзандатуу системаларын иштеп чыгып, ишке киргизебиз;
-
Кардарларыбызды тейлөөнүн жогорку деңгээлин сактайбыз.
Кызмат кантип иштейт
Атайын кызмат керектүү каттам боюнча авиабилет табууга, бир нече сунуштун ичинен ылайыктуусун тандоого жана аны үйдөн чыкпай сатып алууга жардам берет. Издөө автоматташтырылган жана ыңгайлуу.
Кызмат бардык ички жана эл аралык рейстер боюнча ар дайым так маалымат берет.
Aviabileti.kg аркылуу билет издөө жана сатып алуу бир нече себептен ыңгайлуу:
-
Сайтта ар түрдүү рейстер боюнча эң пайдалуу сунуштар топтолгон;
-
Учуп чыгуу жана конуу убактысы, учуунун узактыгы ж.б. тууралуу толук маалымат;
-
Билетке буйрутма берүү жана брондоо үчүн комиссия алынбайт;
-
Кардардын тандоосу боюнча ар кандай жолдор менен төлөө мүмкүнчүлүгү;
-
Байланыш борборунун операторлору күнү-түнү колдоо көрсөтөт;
-
Билетти алуунун бир нече жолу: курьер аркылуу үйгө жеткирүү, Бишкектеги же Оштогу авиаагенттикте, Манас аэропортунда;
-
Кызматтын топтолмо бонус программасы бар, ал өзүңүз жана жакындарыңыз үчүн учууларга үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.