Авиабилеттерге арзандатуулар

«Aviabileti.kg» сунуштаган лоялдуулук программасы – компаниянын кардарлары жана өнөктөштөрү үчүн кызматтарды сатып алууда бонус алуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү. Программанын катышуучулары ар бир кызмат үчүн өз эсебине бонус алышат (чегерилүүчү бонустун өлчөмү тарифке жана багытка жараша болот).

Бонус упайлары эсебиңизге түшөрү менен эле аларды кийинки сатып алган кызматыңызды төлөөгө колдоно аласыз.

Компаниянын Бишкек шаарындагы кеңселеринде катталып, программанын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланыңыз.

Бонус программасынын эрежелери

  • Программага ар бир жүргүнчү катыша алат. Программага катышуу акысыз жана ар бир адам үчүн жекече;
  • Ар бир катышуучу бонус программасына бир гана жолу каттала алат;
  • Программага катышуу үчүн компаниянын Бишкек шаарындагы кеңселеринде каттоо формасын толтуруу керек: Киев көч., 118 же Ахунбаев көч., 195
  • Каттоо аяктагандан кийин катышуучу жеке номери бар жекече карта алат.

Арзандатуулар

  • Программага катышуунун башталган күнү болуп каттоо формасы толтурулган күн эсептелет.

Арзандатуулар

«Авиа-Комбитур» ЖЧКнын бонус программасына кошулуу менен катышуучу өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө макулдугун берет. Ал «Авиа-Комбитур» ЖЧКга жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өзүнүн жеке маалыматтарын, анын ичинде аты-жөнүн, туулган күнүн, жынысын, почта дарегин, электрондук почтасын, телефон номерин, паспорт маалыматтарын иштетүүгө уруксат берет. «Авиа-Комбитур» ЖЧК каттоо формасында көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды автоматташтырылбаган жана/же автоматташтырылган түрдө иштетүүгө, алууга, чогултууга, системалаштырууга, топтоого, сактоого, тактоого (жаңылоого, өзгөртүүгө), пайдаланууга жана башка жол менен иштетүүгө (анын ичинде электрондук түрдө) укуктуу.

Бонус программасына кошулуу менен катышуучу төмөнкүлөргө макулдугун берет:

  • программанын учурдагы шарттары тууралуу кабарлаган атайын сунуштар жөнүндө маалымат алууга;
  • электр байланыш тармактары аркылуу, анын ичинде телефондук, факсимилдик, мобилдик радиотелефондук байланыш аркылуу жарнамалык маалымат алууга.

«Авиа-Комбитур» ЖЧК төмөнкү укуктарды өзүнө калтырат

  • Каалаган адамга себебин түшүндүрбөстөн катышуудан баш тартуу;
  • Бонус чегерүү шарттарына, сыйлыктарды берүү тартибине жана укуктарына, ошондой эле бонус чегерилбеген жана тейлөө классы жогорулатылбаган тарифтердин тизмесине ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  • Программанын эрежелерин же анын бөлүктөрүн каалаган убакта, алдын ала кабарлоо менен да, кабарлабастан да өзгөртүү. Программа жокко чыгарылган учурда катышуучулар топтогон бардык бонустар жокко чыгарылышы мүмкүн.
  • Бонус программасы Өнөктөш катары мейманканаларды ж.б. тартуу аркылуу кеңейтилиши мүмкүн

Жеке кабинетке кирүү

  • Сырсөз катышуучуга Жеке кабинетке кирүү, эсепти башкаруу, программадагы эсептин абалы тууралуу маалымат алуу, жеке маалыматтарды көрүү жана өзгөртүү, Жеке кабинетке маалымат киргизүү үчүн керек;
  • Программага катталганда катышуучунун сырсөзүн компаниянын программалык продуктусу түзөт жана ал каттоодо көрсөтүлгөн электрондук почтага жөнөтүлөт;
  • Бонус программасынын катышуучусу өз сырсөзүнүн купуялуулугун сактоого милдеттүү;
  • «Авиа-Комбитур» ЖЧК сырсөздүн үчүнчү жактарга берилиши, ошондой эле программа катышуучусунун жеке эсебине уруксатсыз кирүү жана топтолгон бонустарды пайдалануу үчүн жооп бербейт.

Бонус программасы / бонус топтоо / бонус сарптоо принциби

Программанын негизги эсептөө бирдиги – бонус. Программада чегерилген бонустар туруктуу жүргүнчүлөрдүн берилгендигин сыйлоо үчүн маркетинг куралы болуп саналат жана кардар пайдаланган кызматтардын санын эсепке алуу үчүн гана колдонулуучу шарттуу (акчалай эмес) бирдик болуп эсептелет. Бонустардын акчалай наркы да, сатып алуу жөндөмү да жок жана аларды Программанын катышуучусунун арызы боюнча накталай акчага алмаштырууга болбойт.

Программанын бонустарын авиабилеттерди, турларды жана компаниянын башка кызматтарын жарым-жартылай төлөө үчүн колдонсо болот. Бонус менен кызматтын наркынын 90%ынан ашпаган бөлүгүн гана төлөөгө болот.

«Авиа-Комбитур» ЖЧКдан сатып алынган ар бир кызмат үчүн катышуучу өзүнүн жеке эсебине пайыз түрүндө бонус алат. Чегерүүлөрдүн өлчөмү тарифтин деңгээлине, сатып алуу каналына жана авиабилет сатылып алынган жерге жараша айырмаланат.

Программада бонустар катышуучу өзү чындап жасаган сатып алуулар үчүн гана чегерилет. Бонустар Компаниянын кошумча кызматтары, ошондой эле программанын Өнөктөштөрүнүн – тиешелүү келишимдер түзүлгөн компаниялардын – кызматтары үчүн да чегерилиши мүмкүн.

Сатып алуулар үчүн бонустар катышуучунун эсебине сатып алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде автоматтык түрдө түшөт.

«Авиа-Комбитур» ЖЧКнын кызматтары үчүн алынган бонустарды өзүңүз жана башка адамдар үчүн авиабилеттерди жана башка кызматтарды тариздөөгө сарптай аласыз (эсептен чыгаруунун эң аз суммасы – 100 бонус).

Колдонулбаган бонустар катышуучунун эсебине чегерилген күндөн тартып 1 жылдан кийин жокко чыгарылат: ар бир чегерүү өзүнчө, топтолгон тартибине жараша.

Форс-мажордук жагдайларда (метеорологиялык же ташуучуга көз каранды болбогон башка шарттардан улам рейс жокко чыгарылганда) рейстердин жокко чыгарылышы же кечигиши үчүн компенсация катары бонустар чегерилбейт.

Рейс жокко чыгарылган же ташуучу аргасыздан алмаштырылган учурда бонустар чегерилбейт.

Маршрут аргасыздан өзгөртүлгөн учурда катышуучуга иш жүзүндө аткарылган учууга ылайык бонустар чегерилет.

Жардам