Кыргызстандан Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) эң арзан авиабилеттер
Aviabileti.kg сервисинде БАЭге авиабилетти комиссиясыз жана ашыкча төлөмсүз тандап, брондоп, сатып алсаңыз болот. Биздин уюм дүйнө жүзүндөгү авиакомпаниялар менен түз кызматташат, ошондуктан кызматтарды арзан баада сунуштайт. Параметрлерди өзүңүз коюп, баасы, маршруту жана учуунун узактыгы боюнча ылайыктуу вариантты тандай аласыз.
БАЭге авиабилеттердин баасы
БАЭ менен аба каттамын Flydubai, Turkish Airlines, Uzbekistan Airways, Avia Traffic Company авиакомпаниялары ишке ашырат. Билеттин баасы тандалган авиакомпаниянын саясатына, учуп чыгуучу жерге, рейстин узактыгына, маршрутка жана учууга чейин калган убакытка жараша болот. Aviabileti.kg аркылуу билет издегенде ар бир натыйжанын жанында так баасы көрсөтүлөт. Кененирээк маалымат алуу үчүн «Толугураак» баскычын басыңыз.
Бишкектен БАЭге авиабилеттер
|
«Манас» аэропортунан (FRU) негизги багыттар |
Бишкектен Эмирликтерге авиабилеттердин орточо баасы (сом) |
|
Дубай |
30 миң |
|
Абу-Даби |
25 миң |
|
Шарджа |
35 миң |
|
Рас-эль-Хайма |
44 миң |
Оштон БАЭге авиабилеттер
|
«Ош» аэропортунан (OSS) негизги рейстер |
Оштон БАЭге билеттердин орточо баасы (сом) |
|
Дубай |
27 миң |
|
Абу-Даби |
43 миң |
|
Шарджа |
30 миң |
|
Рас-эль-Хайма |
55 миң |
Виза жана учуу
Кыргызстандын жарандары визаны алдын ала онлайн тариздеши керек. Өлкөдө болуу мөөнөтү – 30 же 90 күн. Каттоодо сапар күнүнөн тартып кеминде 6 ай жарактуу болгон чет өлкөгө чыгуучу паспорт болушу керек. Чек ара көзөмөлүнөн өтүп, өлкөгө кирүүгө уруксат алуу үчүн визанын көчүрмөсүн, паспортту жана эл аралык медициналык камсыздандырууну көрсөтүү зарыл. Өзүңүз менен мейманканадагы бронду же кайтуу билетин алып жүрүү сунушталат.
Визанын каалаган түрүн 30 күнгө узартууга болот, бирок бир гана жолу. Ал үчүн чек арадан өткөн эмирликтеги миграция маселелери боюнча бөлүмгө кайрылуу керек.
Учуунун узактыгы рейстин түрүнө жана маршрутка жараша болот. Билеттеги маалыматты кылдат карап чыгыңыз: которулуу качан жана кайсы терминалда болорун билип, убакытты туура эсептеңиз. БАЭге тез жана арзан учууларды Flydubai авиакомпаниясы аткарат – 4 саат 25 мүнөт. Көрсөтүлгөн убакыт иш жүзүндөгүдөн айырмаланышы мүмкүн. Бул өзгөчө транзиттик жана которулуусу бар рейстерге тиешелүү.
Авиабилет сатып алуунун эң ыңгайлуу убактысы
Эмирликтерге авиабилетти жуманын ортосуна, шейшемби же шаршемби күнүнүн алгачкы сааттарында сатып алган жакшы. Учуулардын, турак жайдын жана товарлардын эң арзан баалары январь жана февраль айларында, Кышкы соода фестивалы өткөндө байкалат. Бул – соода кылуу мезгили: 3500дөн ашык дүкөн жана бренд 25тен 75 %га чейин арзандатуулар менен сатык өткөрөт.
Жээк суулары жыл бою жылуу бойдон калат. Курорттук эс алуу үчүн майдын аягынан сентябрга чейинки мезгил эң аз ылайыктуу. Бул учурда күндүзгү аба табы +45 0C чейин көтөрүлөт.
БАЭнин ири шаарлары жана аэропорттору
Кыргызстандан БАЭге негизги рейстер төмөнкү шаарларга аткарылат:
- Дубай – «Дубай» (DXB), «Аль-Мактум» (DWC).
- Абу-Даби – «Абу-Даби» (AUH).
- Шарджа – «Шарджа» (SHJ).
- Рас-эль-Хайма – «Рас-эль-Хайма» (RKT).
Убакыт жана байланыш
Саат алкагы – UTC +4. Эмирликтердеги убакыт Кыргыз Республикасындагы убакыттан эки саатка артта калат.
Өлкө боюнча 300дөн ашык акысыз Wi-Fi түйүнү бар: аэропорттордо, интернет-кафелерде, мейманканаларда, башка мекемелерде жана туристтик жайларда. Байланыштын төрт варианты бар:
- Өз операторуңуздан эл аралык роумингди туташтыруу.
- Жергиликтүү мобилдик байланыш операторунун SIM-картасын колдонуу: Etisalat же DU. Аны аэропорттон, супермаркеттен же расмий дүкөндөн сатып алса болот.
- Ар бир дүкөндө сатылган карталар менен көчөдөгү таксофондордон чалуу.
- Мейманканадан чалуу – кымбат вариант.
Акча жана соода
Расмий валютасы – дирхам. 1 сом = 0,043 AED (DH), 1 USD = 3,67 AED. БАЭге доллар менен барган оң.
Өлкө боюнча көптөгөн базарлар, соода-көңүл ачуу борборлору бар, ал жерден сувенирлерди, зергер буюмдарын, бренд кийимдерди пайдалуу баада сатып алса болот. Соода кылуу үчүн эң ылайыктуу убакыт – соода фестивалы мезгили.
Транспорт жана турак жай
Автобус каттамы начар өнүккөн: Дубайдан өлкөнүн башка бөлүктөрүнө 11 каттам бар. Мейманканалардын конокторду шаарга, пляжга жана кайра ташыган жеке автобустары бар. Метрополитен иштейт, аны колдонуу үчүн белгилүү сандагы сапарга эсептелген карта сатып алуу керек.
Популярдуу транспорт түрү – такси. Муниципалдык такси белгиленген тарифтер менен иштейт, жеке айдоочулар менен соодалашса болот. БАЭнин бардык аймагында автоунаа ижарасы пункттары бар. Унааны 21 жаштан баштап эл аралык айдоочулук күбөлүгү болгондо ижарага алса болот. Эң жогорку ылдамдык – 60 км/саат.