Орусия
Aviabileti.kg онлайн-кызматында Кыргызстан – Орусия багытындагы арзан авиабилеттерди сатып алсаңыз болот. Биз Орусиянын авиакомпаниялары менен түз кызматташабыз жана алардын кызматтарына үстөк баа кошпойбуз. Сайттагы ыңгайлуу издөө системасы учуунун узактыгын, брондоо классын жана кардардын кошумча каалоолорун эске алат: баанын жогорку чеги, тандалган ташуучу жана жолдогу убакыт.
Орусияга авиабилеттердин баалары
Кыргызстан – Орусия багытындагы рейстер Бишкектеги «Манас» жана Ош шаарындагы «Ош» аэропортторунан учат. Баа бара турган шаарга, маршрутка, мезгилге жана тандалган авиакомпаниянын саясатына жараша болот. Издөө формасында учуу күнүн, учуп чыгуучу жана конуучу жерди көрсөтүңүз. Жыйынтыктарда билеттерди арзандыгы боюнча гана эмес, оптималдуулугу жана ар бир сегменттеги учуу убактысы боюнча да иреттесеңиз болот.
Бишкектен Орусияга авиабилеттер
|
«Манас» аэропортунан (FRU) негизги багыттар |
Бишкек – Орусия авиабилеттеринин орточо баасы (сом менен) |
|
Москва |
26 миң |
|
Санкт-Петербург |
31 миң |
|
Екатеринбург |
57 миң |
|
Красноярск |
60 миң |
|
Казань |
56 миң |
|
Новосибирск |
58 миң |
|
Воронеж |
56 миң |
|
Ростов-на-Дону |
32 миң |
|
Краснодар |
59 миң |
Оштон Орусияга авиабилеттер
|
«Ош» аэропортунан (OSS) негизги багыттар |
Оштон учкан билеттердин орточо баасы (сом менен) |
|
Москва |
52 миң |
|
Санкт-Петербург |
55 миң |
|
Екатеринбург |
57 миң |
|
Казань |
56 миң |
|
Новосибирск |
58 миң |
|
Грозный |
58 миң |
|
Сургут |
60 миң |
|
Иркутск |
64 миң |
|
Воронеж |
56 миң |
|
Красноярск |
60 миң |
Виза жана учуу
Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда визасыз режим жөнүндө келишим иштейт. Ички жана чет өлкөгө чыгуучу паспорту бар жарандар Орусияга уча алышат.
Чек ара көзөмөлү пунктунда миграциялык картаны көрсөтүү керек. Анда өлкөгө келүүнүн мөөнөтү жана максаты жазылышы керек. Кыргызстандын жарандары Орусияда 30 күнгө чейин ИИМге кайрылбастан жүрө алышат. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин каттоодон өтүү зарыл.
«Манас» жана «Ош» аэропортторунан Орусияга транзиттик жана түз рейстер учат. Бул маалымат издөө жыйынтыктарында ар бир билеттин жанында көрсөтүлөт. «Кененирээк» баскычын бассаңыз, которулуу бар-жогун, анын убактысын жана узактыгын тактай аласыз.
Авиабилет сатып алуу үчүн эң ыңгайлуу убакыт
Биздин онлайн-кызматта маршруттарды карап, салыштырып, Орусияга билеттерди брондоп жана сатып алсаңыз болот. Орунду алдын ала, рейске 1–2 ай калганда сатып алган жакшы, анткени баа 40 %га чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, жүргүнчүлөр аз болгон эң арзан рейстер адатта жуманын ортосунда жана ишемби күнү болот. Орусияга авиабилетти шейшемби күнү түштөн кийин же шаршемби күнү түнкү саат бирде брондогон оң.
Орусиянын ири шаарлары жана аэропорттору
|
Кыргызстандан Орусияга негизги авиарейстер |
Аэропорт |
|
Москва |
DME |
|
SVO |
|
|
VKO |
|
|
ZIA |
|
|
Санкт-Петербург |
LED |
|
Екатеринбург |
SVX |
|
Красноярск |
KJA |
|
Казань |
KZN |
|
Новосибирск |
OVB |
|
Воронеж |
VOZ |
|
Ростов-на-Дону |
ROV |
|
Краснодар |
KRR |
|
Грозный |
GRV |
|
Сургут |
SGC |
|
Иркутск |
IKT |
Убакыт жана байланыш
Кыргызстандан учканда өлкөлөрдүн ортосундагы убакыт айырмасын эске алыңыз. Кыргыз Республикасынын убакыт алкагы (KGT) – UTC +6.
|
Шаар |
UTC |
Айырма (саат менен) |
|
Москва |
+3 |
-3 |
|
Санкт-Петербург |
||
|
Казань |
||
|
Воронеж |
||
|
Ростов-на-Дону |
||
|
Краснодар |
||
|
Грозный |
||
|
Екатеринбург |
+5 |
-1 |
|
Сургут |
||
|
Красноярск |
+7 |
+1 |
|
Новосибирск |
||
|
Иркутск |
+8 |
+2 |
Аэропорттун аймагында акысыз Wi-Fi тармагы иштейт, ошондуктан туугандарыңыз менен байланышып, такси чакырып же турак жай таап алсаңыз болот. Чалуу үчүн акысыз мессенджерлерди колдонсоңуз же роумингде үнөмдөө үчүн жергиликтүү мобилдик оператордун SIM-картасын сатып алсаңыз болот.
Акча жана соода
Орусияда сатып алуулар, жол кире жана жашаган жер үчүн орус рубли менен төлөнөт. 1 RUB = 1,13 KGS. Ар бир аэропортто расмий валюта алмаштыруу пункттары бар. Алардын так жайгашкан жерин жана иштөө убактысын аэропорттун сайтынан билсеңиз болот.
Аэропорттордо duty free дүкөндөрү бар, ал жерден эл аралык рейстердин жүргүнчүлөрү товарларды арзан баада сатып ала алышат: сувенирлер, азык-түлүк, тиричилик техникасы, электроника, кийим, зер буюмдары жана башкалар.
Транспорт жана турак жай
Аэропорттон чыга бериште такси токтоочу жайлар бар. Айдоочулар негизги мейманканалардын жана хостелдердин даректерин билишет. Өлкөдө узак убакыт жүрсөңүз, жергиликтүү гиддерге кайрылып же батир издөөчү атайын онлайн-кызматтар аркылуу алдын ала турак жай ижарага алсаңыз болот.
Унааны Яндекс.Такси, Gett, Uber кызматтарына же жергиликтүү такси компаниясына чалып, өзүңүз чакырсаңыз болот. Ошондой эле шаардын негизги маршруттары боюнча жүргөн коомдук транспортту колдонсоңуз же унаа ижарага алсаңыз болот.