Кыргызстандан Германияга эң арзан авиабилеттер
Aviabileti.kg дүйнө жүзү боюнча 500дөн ашык авиакомпания менен кызматташат. Биздин онлайн-сервисте Германияга авиабилеттерди үстөк баасыз жана жашыруун комиссиясыз сатып алсаңыз болот. Издөө натыйжаларында ар бир сунуштун жанында учуунун баасы жана рейстин шарттары көрсөтүлөт. Жеке кабинетте үйдөн чыкпай эле билет брондоп, төлөп, кайтарууну тариздей аласыз.
Германияга авиабилеттердин баасы
Германияга учуулар «Манас» жана «Ош» аэропортторунан ишке ашырылат. Билеттин баасы учуп чыгуучу жана келүүчү шаарга, авиакомпаниянын саясатына жана арзандатуулардын болушуна жараша болот. Эң арзан варианттарды табуу үчүн «Эконом» классын тандаңыз. Натыйжалар автоматтык түрдө баасы өсүү тартибинде иреттелет. Ошондой эле аларды оптималдуулугу жана учуунун узактыгы боюнча иреттесеңиз болот.
Бишкектен Германияга авиабилеттер
|
«Манас» аэропортунан (FRU) негизги багыттар |
Бишкектен Германияга билеттин орточо баасы (сом) |
|
Берлин |
22 миң |
|
Кёльн |
22 миң |
|
Мюнхен |
22 миң |
|
Гамбург |
32 миң |
|
Дрезден |
33 миң |
|
Лейпциг |
117 миң |
|
Дюссельдорф |
29 миң |
|
Майндагы Франкфурт |
22 миң |
Германияга авиабилеттин акыркы баасы сезонго, учууга чейин калган убакытка жана бош орундардын санына жараша болот.
Оштон Германияга авиабилеттер
|
«Ош» аэропортунан (OSS) негизги багыттар |
Оштон билеттин орточо баасы (сом) |
|
Берлин |
49 миң |
|
Кёльн |
59 миң |
|
Мюнхен |
49 миң |
|
Гамбург |
49 миң |
|
Дрезден |
49 миң |
|
Лейпциг |
58 миң |
|
Дюссельдорф |
47 миң |
|
Майндагы Франкфурт |
49 миң |
Виза жана учуу
Сапар үчүн шенген визасын же улуттук визаны алуу керек: арызды жана визаны берүүгө негиз болгон документтерди Германия Федеративдик Республикасынын Бишкектеги элчилигине тапшырасыз. Эгер туристтик турга барсаңыз, визаны туристтик агенттик тариздейт.
Кыргызстандан учуунун узактыгы которулуулардын санына жараша болуп, кеминде 9–11 саатты түзөт. Ошондуктан билетке борттогу тамакты кошуп алыңыз. Келгенден кийин жүргүнчү чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн зарыл болгон миграциялык картаны толтурушу керек.
Авиабилет сатып алуунун эң ыңгайлуу убактысы
«Эконом» классындагы орунду алдын ала – учуудан 2–4 ай мурун, шейшемби же бейшемби күнү түнкүсүн сатып алган жакшы. Германияга барып-келүүчү билетти бир эле учурда алуу пайдалуураак. Эгер сапар жокко чыгышы мүмкүн болсо, кайтарылуучу тарифти тандаңыз. Ошондо билеттин баасынын бир бөлүгүн кайтарып аласыз. Мындай маалымат биздин сайтта көрсөтүлөт.
Aviabileti.kg сайтынан Германияга авиабилет сатып алып, бонус программасына катыша аласыз. Ар бир сапар үчүн упайлар чегерилет. Топтоочу карта менен онлайн-сервисибиздин кызматтарынын баасынын 90 %га чейинкисин төлөй аласыз.
Германиянын ири шаарлары жана аэропорттору
|
Кыргыз Республикасынан Германияга негизги рейстер |
Аэропорт |
IATA коду |
|
Берлин |
Бранденбург |
BER |
|
Берлин-Тегель |
TXL |
|
|
Берлин-Шёнефельд |
SXF |
|
|
Кёльн |
Кёльн/Бонн |
CGN |
|
Мюнхен |
Франц Йозеф Штраус атындагы аэропорт |
MUC |
|
Гамбург |
Гамбург |
HAM |
|
Дрезден |
Дрезден-Клоче |
DRS |
|
Лейпциг |
Лейпциг-Галле |
LEJ |
|
Дюссельдорф |
Дюссельдорф |
DUS |
|
Мёнхенгладбах |
MGL |
|
|
Веце |
NRN |
|
|
Майндагы Франкфурт |
Майндагы Франкфурт (Рейн-Майн аэропорту) |
FRA |
Убакыт жана байланыш
Кышында UTC +1 саат алкагы колдонулат, башкача айтканда убакыт Кыргызстандан беш саатка артта калат, жайында – UTC +2 (төрт саатка). 2021-жылдын 28-мартынан тартып убакытты которуу жокко чыгарылат.
Саякатчы төмөнкү жолдордун бири менен байланышта боло алат:
- эл аралык роумингди туташтыруу;
- немис операторунун SIM-картасын сатып алуу;
- мобилдик интернет, мейманканадагы жана кафедеги Wi-Fi тармагы, акысыз шаардык Wi-Fi түйүндөрү аркылуу социалдык тармактарда баарлашуу.
Акча жана соода
Өлкөнүн расмий валютасы – евро. 1 EUR = 103,20 сом. Еврону алдын ала, үйдөн эле сатып алган жакшы, анткени Германиянын шаарларында акча алмаштыруу пункттары аз. Майндагы Франкфурт буга кирбейт: анда валюта сатуучу 100дөн ашык пункт бар. Пайдалуу алмаштыруу жолу – эл аралык төлөм системаларынын банк карталарын кабыл алган банкоматтар.
Кыргыз Республикасы Европа Биримдигине кирбейт, ошондуктан анын узак мөөнөттүү визасы бар туруктуу жашоочулары Tax Free системасы боюнча соода кыла алышат. Чектерди сактап, квитанцияларды толтургандарга кошумча нарк салыгы (КНС) кайтарылып берилет.
Транспорт жана турак жай
Турак жайды алдын ала брондоп алыңыз, айрыкча сапар туристтик сезонго пландалса. Интернет аркылуу батир, бөлмө же мейманканадан номер ижарага алсаңыз болот. Бюджеттик туристтерге каучсерфинг сервиси ылайыктуу.
Эң арзан жүрүү жолу – коомдук транспорт, бирок алдын ала анын каттамдарын карап чыгыңыз. Эгер ыңгайлуулук биринчи орунда болсо, жергиликтүү такси же автоунаа ижарасы кызматын колдонсоңуз болот. Бул кызматтардын телефон номерлерин мейманкананын кабыл алуу бөлүмүнөн айтып беришет.