Кыргызстандан Түркияга эң арзан авиабилеттер
Aviabileti.kg онлайн-авиакассасында Бишкектен жана Оштон Түркиянын популярдуу багыттарына электрондук билеттерди арзан баада брондоп, сатып алсаңыз болот. Биздин компаниянын дүйнө жүзү боюнча 500дөн ашык авиакомпания менен түз келишимдери бар жана кызматтарды пайдалуу шарттарда көрсөтөт. Рейстерди жыйынтыктарды баасы боюнча иреттеген ыңгайлуу издөө системасы аркылуу таба аласыз.
Түркияга авиабилеттердин баалары
Кыргызстандан Түркияга билеттердин эң төмөнкү баасы – 17 миң сом («Эконом» классы). Баа мезгилге, жүргүнчүлөрдүн агымына, авиаташуучу өткөргөн акцияларга, дүйнөлүк валюта курсуна жана кардар кошкон кошумча кызматтарга жараша өзгөрөт. Жөнөкөй издөө системасынын жардамы менен алдыңкы ташуучу компаниялардын арзан сунуштарын таап, салыштыра аласыз.
Бишкектен Түркияга авиабилеттер
Таблицада Бишкек – Түркия авиабилеттеринин болжолдуу баалары көрсөтүлгөн. Аларды тактоо үчүн Aviabileti.kg сайтындагы издөө формасын колдонуп, учуп кетүү жана келүү күндөрүн, маршрутту, тейлөө классын, жүргүнчүлөрдүн санын жана жашын көрсөтүңүз.
|
«Манас» аэропортунан (FRU) негизги багыттар |
Бишкек – Түркия маршруту боюнча билеттин орточо баасы (сом менен) |
|
Стамбул |
21 миң |
|
Анталья |
25 миң |
|
Алания |
17 миң |
|
Анкара |
25 миң |
|
Даламан |
25 миң |
|
Измир |
25 миң |
|
Бодрум |
25 миң |
Оштон Түркияга авиабилеттер
Биздин онлайн-кассадан Ош – Түркия түз рейсине же которулуу менен учууга авиабилет таба аласыз. Тариф тууралуу маалыматты – авиакомпаниянын аталышын, которулуулардын бар-жогун, багаждын эң жогорку өлчөмүн – «Кененирээк» шилтемесин басып, электрондук билеттен тактаңыз.
|
«Ош» аэропортунан (OSS) негизги багыттар |
Оштон учкан билеттин орточо баасы (сом менен) |
|
Стамбул |
49 миң |
|
Анталья |
47 миң |
|
Даламан |
59 миң |
Виза жана учуу
Түркияга билетти ички жана чет өлкөгө чыгуучу паспорт менен эле сатып алса болот, анткени Кыргыз Республикасы менен бул өлкөнүн ортосунда визасыз режим жөнүндө келишим иштейт. Өлкөдө жалпы болуу мөөнөтү 90 күндөн ашпашы керек. Антпесе адам айып пул төлөп, өлкөдөн чыгарылат.
Учуп чыгуучу жана конуучу шаарга, учактын мүнөздөмөлөрүнө жараша жолго 5 сааттан 16 саатка чейин убакыт кетет. Узак учууда борттогу тамакка алдын ала буйрутма берүүнү унутпаңыз.
Авиабилет сатып алуу үчүн эң ыңгайлуу убакыт
Түркияга жыл бою барса болот. Ар бир аймакта туристтик мезгил ар башка убакта болот. Өлкө июндан сентябрга чейин эң популярдуу. Маданиятты жана көрүнүктүү жерлерди шашпай таанып-билүү үчүн салкыныраак айларды тандаган жакшы, ошол мезгилде эс алуунун баасы да төмөн болот. Кышында тоо лыжа курортторунда эс алуу үчүн барса болот.
Түркияга авиабилетти учууга бир нече ай калганда сатып алган жакшы, анткени алардын баасы 30–40 %га көтөрүлүшү мүмкүн. Брондоо үчүн шейшемби жана шаршемби күндөрү ылайыктуу. Эгер эс алууңуз жокко чыгышы мүмкүн болсо, тарифинин шарттарында кайтаруу мүмкүнчүлүгү каралган билеттерди сатып алыңыз. Билетти кайтаруу үчүн Aviabileti.kg колдоо кызматына кайрылыңыз.
Түркиянын ири шаарлары жана аэропорттору
|
Кыргызстандан негизги авиарейстер |
Аэропорт |
Коду |
|
Стамбул |
Стамбул |
IST |
|
Сабиха Гөкчен атындагы аэропорт |
SAW |
|
|
Анталья |
Анталья |
AYT |
|
Алания |
Газипаша |
GZP |
|
Анкара |
Анкара Эсенбога |
ESB |
|
Даламан |
Даламан |
DLM |
|
Измир |
Аднан Мендерес атындагы аэропорт |
ABD |
|
Бодрум |
Милас-Бодрум |
BJV |
Убакыт жана байланыш
Убакыт алкагы – UTC +3, башкача айтканда, Кыргызстандан үч саат артта. Жайкы убакытка өтүү колдонулбайт.
Эс алуунун башында эле байланышта болууну ойлонуштуруңуз. Өз операторуңуздун роуминг кызматын туташтырсаңыз болот, бирок бир мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 1–2 долларга чейин жетиши мүмкүн. Жергиликтүү мобилдик байланыш операторунун SIM-картасын сатып алуу алда канча пайдалуу. Мейманкананын аймагында туугандарыңыз менен социалдык тармактарда чексиз баарлашуу үчүн акысыз Wi-Fi колдонсоңуз болот.
Акча жана соода
Расмий валюта – түрк лирасы (TRY же YTL). Бир лира = 11,43 KGS. Тажрыйбалуу саякатчылар өзүңүз менен доллар же евро алып жүрүүнү сунушташат. Валютаны аэропортто же мейманканада эмес, банктарда, алмаштыруу пункттарында же почта бөлүмдөрүндө алмаштырган жакшы.
Tax Free белгиси бар дүкөндөрдөн пайдалуу шарттарда соода кылсаңыз болот. Бул – кошумча нарк салыгын (КНС) кайтаруу системасы. Ага катышуу үчүн сатуучудан атайын квитанцияларды сураңыз. Аларды толтуруп, өлкөдөн чыгып жатканда чектер жана сатып алынган буюмдар менен кошо көрсөтүү керек.
Транспорт жана турак жай
Келгенден кийин коомдук транспорттун негизги түрлөрүнүн маршруттары көрсөтүлгөн транспорттук картаны сатып алсаңыз болот. Эң оңой жана тез жол – жеке унаа менен жүрүү, аны 55–60 долларга ижарага алса болот. Бул кызмат 21 жашка толгон адамдарга жеткиликтүү.
Турак жай маселесин алдын ала чечип, мейманканадан же хостелден атайын тиркеме аркылуу орун брондоп койгон жакшы. Түркиянын мейманкана тармагында интерьери жана экстерьери өзгөчө жасалгаланган, тейлөөсү сапаттуу люкс мейманканалар бар. Бюджеттик туристтер үчүн кошумча кызматтарсыз жана көңүл ачуу программасыз жөнөкөй варианттар да табылат.